www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун прокуратура органдары тарабынан укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана банк мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Жолугушууларда ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо, бизнеске мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берилбестиги белгиленип, мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөрү маалымдалды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-январындагы №18 Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 31-декабрына чейин пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөргө тыюу салынганы түшүндүрүлдү.
Мындан тышкары, «Бизнес коргоо» мобилдик тиркемеси жана proverka.gov.kg маалыматтык системасы тууралуу маалымат берилип, жеңилдетилген насыялар жана салыктык жеңилдиктер боюнча түшүндүрмөлөр айтылды.
Жыйынтыгында ишкерлер өз суроолоруна жооп алышып, алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо иши мындан ары да улантылары белгиленди.