www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэриясынын имараты толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында имараттын ички жана тышкы бөлүктөрү жаңыланып, инженердик коммуникациялар толугу менен алмаштырылууда. Ошондой эле кызматкерлер үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүү, жарандарды кабыл алуу бөлмөлөрүн талапка ылайык жабдуу каралууда.
Капиталдык оңдоп-түзөө иштери шаардык инфраструктураны жакшыртууга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга багытталган.