www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 16-февралында "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Нет описания фото.

Бул иш-чара И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтүп, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ж.Ш. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун талапкерлери катышты.

“Келечектин ачкычы – эне тилибизде” аттуу маданий кечеде талапкерлер “Милициянын маршын” хор түрүндө аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.

Возможно, это изображение текст

Кеченин алкагында Кыргызстанда роботту алгачкылардан болуп жараткан инженер, робот техникасы боюнча адис Акоша Асанбаев өзү иштеп чыккан кыргыз роботун тааныштырып, анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди.

Ошондой эле “Оймолор” долбоорунун негиздөөчүсү Өзгөрүш Абакиров кыргыз акындарынын ырларын көркөм окуп, улуттук поэзиянын тереңдигин даңазалады.

Мындан тышкары, “Тилимпоз” социалдык долбоорунун негиздөөчүсү Тилек Мирлан “Тилим-дилим” аталышындагы баяндамасын сунуштап, эне тилдин улуттун руханий дүйнөсүндөгү ордуна токтолду.

Иш-чаранын жүрүшүндө патриоттук темадагы чыгармалар жаңырып, катышуучулар руханий жактан байып, улуттук баалуулуктарды даңазалоого багытталган мазмундуу программага күбө болушту.

Возможно, это изображение текст "- Shumkar Technology"

 

Последние новости