www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка аймактык башкармалыгына караштуу А. Масалиев көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү.

Рейддин жүрүшүндө шаар мэри Масалиев көчөсүнүн Нурматов көчөсү менен кесилишинен тартып Шамшиев көчөсүнө чейинки аралыкта жайгашкан Жекелик каналынын эки жээгин көрктөндүрүп, сквер куруу боюнча долбоор иштеп чыгууну тиешелүү кызматтарга тапшырды.

Мындан тышкары, каналдын үстүнө жана корук аймагына мыйзамсыз курулуп алган коммерциялык багыттагы бир катар объекттерди белгиленген тартипте алып салуу, аймакты шаардык архитектуралык жана экологиялык талаптарга ылайык иретке келтирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Аталган иштер шаарды көрктөндүрүү, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Последние новости