www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-февралда, Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айылындагы «Кыргызмамасылтукумзоводуна» барып, айдоо аянттарын жакшыртуу боюнча мелиорациялык ыкманы киргизүү жана заманбап айыл чарба техникасын иштетүүнүн жүрүшү менен тааныштык.

Сокулук районунун Фрунзе айылындагы «Кыргызмамасылтукумзаводунун» базасында ресурсту үнөмдөөчү дыйканчылык тутумунда колдонулган жер кыртышын терең жумшартуучу щелерездин (чизелдик соко, топуракты жарып, тилгич) иши көрсөтүлдү.

Бул техника топуракты 40–70 см тереңдикте жумшартып, айдоо жердин алдындагы тыгыз катмарды (плужная подошва) бузат, топурактын суу өткөрүмдүүлүгүн камсыздап, нымдуулукту кармап берет жана жер кыртышындагы аба алмашууну жакшыртып, өсүмдүктөрдүн тамырларынын жакшы өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Технология айдоо алдындагы даярдыкта да, ошондой эле тыгыздалып, катмары катып калган жерлерди калыбына келтирүүдө да колдонулат. Адистердин баалоосуна ылайык, заманбап мелиорациялык технологияларды киргизүү топурактын абалын жакшыртып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 30–35 пайызга чейин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Жаңы технологияларды сыноо иретинде ишке киргизүү учурунда жер айдоодон мурун мелиорацияны өнүктүрүү жана тармакты техникалык жактан жаңылоо азыркы агрардык саясаттын негизги багыттарынын бири.

Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу илимий жактан негизделген жер иштетүү чеберчилиги аркылуу гана жүрүшү керек. Жер айдап, үрөн себүүнүн алдында топурактын абалын, анын азыктык заттарга болгон муктаждыгын так аныктоо үчүн сөзсүз анализ жүргүзүп, ошого жараша оптималдуу агротехникалык чечимдерди тандоо маанилүү.

Иш сапардын жүрүшүндө мелиорацияны өнүктүрүү жана тармакты техникалык жактан жаңылоо мамлекеттик агрардык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиленип. Ошондой эле мамлекеттик колдоонун алкагында өлкөнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана асыл тукум чарбалары үчүн айыл чарба техникалары сатылып алынганы, ал техника лизинг шартында берилери айтылды.

Последние новости