www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясында укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Замир Сыдыков, РИИБдин башчысы Мелис Идирисов, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана мектеп директорлору катышты.
Анда күн тартибинде төмөнкү 4 маселе каралды:
- жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун абалы;
- үй-бүлөлүк зомбулуктун абалы;
- укук бузуулардын алдын алуу;
- жол унаа кырсыктарынын абалы.
Аны менен катар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомунда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” мыйзамынын негизинде мамлекеттик органдардын жүргүзүп жаткан иш аракеттери тууралуу маселелер талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө РИИБ башчысы Мелис Идирисов өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жана жол кырсыктары боюнча статистикалык көрсөткүчтөрү тууралу баяндама жасады. А өз сөзүндө бул көрсөткүчтөрдүн санын азайтуу максатында биргелешип аракеттенүү багыттарын белгиледи.
Жыйындын төрагасы тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, мекеме-ишканаларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкреттүү тапшырмалар берилип, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдеттендирилди.
Белгилей кетсек, облус аймагында милиция кызматкерлери тарабынан май майрамдыранын алдында ар кандай кокустуктардын жана кырсыктардын алдын алуу, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук, балдарга карата болгон кылмыштарды болтурбоо максатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мугалимдер менен бир катар алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.