www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 23-апрелинде Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев Намибия Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси доктор Джеробеам Шааника менен жолугушту.
Жолугушуунун негизги максаты - Кыргыз Республикасы менен Намибия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун келечегин талкуулоо болду.
Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Элчилиги учурда иштеп жаткандыгын жана Аддис-Абеба шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчиси ошондой эле Африка Бирлиггиндеги Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү экендигин белгилеп, кыргыз тараптын Намибияны кошо алганда, Африка өлкөлөрү менен мамилелерди активдүү өнүктүрүү ниетин көрсөтүп жаткандыгын айтты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Өмүрбек Текебаев ошондой эле кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.