www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан тогуз коомдук тамактануу жана соода жайынын ишмердүүлүгү санитардык талаптарды бузганы үчүн убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузуу фактылары аныкталган. Анын негизинде төмөнкү объекттердин иши мыйзам бузуулар жоюлганга чейин токтотулду:

  • «Ордо» тез татым жайы;
  • «Муслим» ашканасы;
  • «Нурай» ашканасы;
  • «Жалал-Абад» кафеси;
  • «Ноокен» ашканасы;
  • «Азык-Түлүк» дүкөнү;
  • «Минутка» дүкөнү;
  • ошондой эле дагы эки коомдук тамактануу жайы.

Мекеме белгилегендей, ишмердүүлүк аныкталган мыйзам бузуулар толук жоюлгандан кийин гана кайра жандандырылат.

Последние новости