www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Бишкек мэриясынын өкүлдөрү менен бирге «Ош» базарынын соодагерлери менен жолугуп, базарды жаңы жайга көчүрүү маселесин талкуулады. Ишкерлер көчүрүүнүн мөөнөтү жана шарттары боюнча так маалыматтын жоктугу тынчсыздануу жаратып жатканын айтышты.

Жолугушууда кардарлардын саны азайып, соода төмөндөп, киреше чыгымды жаппай калган учурлар көбөйгөнү белгиленди. Ошондой эле расмий жабуу чечими чыга элек болсо да, айып пулдар салынып жатканы айтылды.

Каныбек Туманбаев бийлик базарды мажбурлап же күтүүсүз жабууну пландабаганын билдирди. Анын айтымында, жаңы рынок толук курулуп, бардык шарттар түзүлгөндөн кийин гана көчүрүү этап-этабы менен жүргүзүлөт. Ал убакка чейин «Ош» базары ишин уланта берет. Жаңы базарды 2026-жылдын жазында ачуу пландалууда.

- Соодагерлер көчүп кеткенден кийин бул жер жабылып, ордуна парк түптөлөт. Ал эми “Кыял” базарынын аймагына оорукана курулат, - деп билдирди Туманбаев.

Ал жаңы базарга чейин каттай турган 180 автобус сатылып алынганын кошумчалады.

Ошондой эле соодагерлердин айып пулдар боюнча арыздары мэрия менен биргеликте караларын жана ишкерлерге негизсиз басым болбошу керектигин белгиледи. Бийлик үчүн Ош базарынын социалдык мааниси чоң экенин айтып, көчүрүү жараяны социалдык чыңалуу жаратпай өтүшү керектигин белгиледи.

Последние новости