www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин мүчөлөрү менен болгон кеңешмеде билдирди.

Төрага алгач Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин жаңы шайланган төрагасынын орун басары Мукамбет Касымалиевди жана кеңештин мүчөлөрү менен жеке таанышып, аларды куттуктап, жооптуу иштеринде ийгиликтерди каалады.

Белгилүү болгондой жакында эле Элдик курултай тарабынан сунушталган Айдаров Алмаз Мендебаевич, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сунушталган Чыныбаев Улукбек Садырбекович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан сунушталган Эргешов Бекмурза Аскарбаевич аталган кеңештин мүчөлөрү болуп шайланышкан.

Төрага өз сөзүндө өткөн жылы судьялык кызмат орундарга талапкерлерди конкурстук тандоо жол-жоболорундагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча так милдет койгондугун айтты. Биргелешкен иштин жыйынтыгында жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынгандыгын билдирди.

“Бул мыйзамдын негизги маңызы — адам факторунун таасирин мүмкүн болушунча азайтуу, субъективдүү таасирди төмөндөтүү жана чечим кабыл алуу процессине негизсиз кийлигишүү үчүн шарттарды жоюу болуп саналат. Анын ичинде судьялык кызматка талапкерлерди баалоонун ачык-айкын, формалдаштырылган жана санариптештирилген жол-жоболорун киргизүү каралган.

Мыйзам ошондой эле судьялык кадрлар резервин түзүүгө карата жаңы ыкманы сунуштайт. Бул жерде судьялык кадрлар резервинин маңызын туура түшүнүү өзгөчө маанилүү. Резерв — бул формалдуу «күтүү тизмеси» же конкурстардын ортосундагы техникалык этап эмес.

Өз багыты боюнча ал өлкөнүн судьялык элитасын узак мөөнөттүү негизде калыптандыруучу институт болушу керек. Бул судьялык кызматка талапкерлер алгачкы баалоодон гана өтпөстөн, кесиптик жана адеп-ахлактык жактан ырааттуу өнүгүп, билим деңгээли, басым-кысымга туруктуулугу, көз карандысыз жана негиздүү чечимдерди кабыл алуу жөндөмү дайыма текшерилип турган системаны билдирет.

Дал ушул сапаттуу калыптандырылган резерв аркылуу сот бийлигинин мураскерлиги, анын кесиптик маданияты жана адилеттүүлүктүн бирдиктүү стандарттары түптөлөт. Бул багытта Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин жоопкерчилиги кыска мөөнөттүү эмес, стратегиялык мүнөзгө ээ, анткени бүгүн кабыл алынган чечимдер сот тутумунун келечектеги жүзүн ондогон жылдарга аныктайт. Ушуга байланыштуу Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш, Судьялар кеңеши жана Жогорку сот бирдиктүү система катары иш алып барып, мыйзамдардын жаңы талаптарын ишке ашыруунун так жана түшүнүктүү механизмдерин биргелешип иштеп чыгышы өтө маанилүү.

Өзгөчө баса белгилеп кетким келет: санариптик инструменттерди активдүү киргизбестен бул милдеттерди толук көлөмдө ишке ашыруу мүмкүн эмес. Санариптештирүү — бул өзүнчө максат эмес, ал объективдүүлүктү, тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун жана коомдун конкурстук тандоонун жыйынтыктарына болгон ишенимин арттыруунун натыйжалуу куралы”, - деп белгиледи Медербек Сатыев.

Мындан тышкары төрага өз кезегинде Жогорку сот институт катары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде уюштуруучулук, усулдук жана эксперттик жактан ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

“Биздин жалпы максатыбыз — жогорку кесиптик жана этикалык стандарттарга жооп берген судьяларды кылдат, адилеттүү жана объективдүү тандоону камсыз кылуу.

Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу менен, судьялардын макамын жогорулатууга, соттордун материалдык-техникалык базасын чыңдоого, судьялык корпустун эмгек акылары жана социалдык камсыздоолорунун деңгээлин көтөрүүгө багытталган ырааттуу саясат жүргүзүлүүдө.

Мындай шартта судьялык кызматка талапкерлерге коюлуучу талаптар кесиптик даярдык жагынан да, жеке адеп-ахлактык сапаттары, көз карандысыздыгы жана жоопкерчилиги жагынан да мүмкүн болушунча жогору болушу логикалуу жана адилеттүү”, - деп кошумчалады төрага.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин төрагасы Айбек Молдакунов 2025-жылы жергиликтүү соттордогу 24 судьялык бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүлгөнүн маалымдады. Анын ичинен 19 бош кызмат орду боюнча тандоо кеңештин мурунку курамы тарабынан өткөрүлүп, Президентке сунушталганын, ал эми калган 5 бош кызмат орду боюнча конкурстук тандоо жаңы шайланган кеңештин курамы тарабынан жүргүзүлүп, тиешелүү сунуштар берилгенин билдирди.

Мындан тышкары, 2025-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 1, Жогорку соттун 2 жана жергиликтүү соттордун 13 судьялык бош кызмат ордуна конкурстук тандоо жарыялангандыгы маалымдалды. Ошондой эле 2025-жылы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап калган жергиликтүү соттордун 31 судьясы жана 2026-жылы 9 судья менен маектешүүлөр өткөрүлүп, алардын жыйынтыгы боюнча Президентке сунуштар берилгени айтылды.

Последние новости