www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош эл аралык аэропортунда жүзүн толук жаап жүргөн үч аялга 20 миң сомдон айып пул салынды.Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда аба майданда Умра сапарынан кайткан зыяратчыларды тосуп алуу үчүн келген адамдар көп экенин, алардын арасында жүзүн толук жаап жүргөндөр видеокөзөмөл аркылуу аныкталып, айып салынууда.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.