www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн макамын кеңейтүүдө.
Бул тууралуу эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосундагы макулдашуу ратификацияланды.
Документке ылайык, өкүлчүлүк мындан ары миграция маселелери менен гана чектелбестен, трансулуттук кылмыштуулукка, баңгизат аткезчилигине каршы күрөшүү жана маалымат алмашуу багыттарында да иш алып барат.
Анын кызматкерлерине дипломатиялык артыкчылыктар берилет.
Айрым жарандар бул чечимди Украинадагы согуш жана мүмкүн болуучу мобилизация тууралуу кептерден улам кооптонуу менен кабыл алууда.
Бирок юристтер өкүлчүлүк Кыргызстандын аймагында өз алдынча кармоо иштерин жүргүзө албай турганын, мындай аракеттер мыйзамга каршы келерин белгилешет.
Эксперттердин пикиринде, келишим негизинен эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматташуусун күчөтүүгө багытталган.
Ошол эле учурда мигранттардын жеке маалыматтарынын колдонулушу жана Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо маселеси көзөмөлдө болушу керектиги айтылууда.