www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Кыргызстанга модернизацияланган эки тик учак жана эки радиолокациялык станция белек кылды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирүү таратты. 

Канттын авиабазасында  салтанаттуу иш чара болуп,  анда Орусиянын коргоо министирлиги Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө Ми-8МТ үлгүсүндөгү эки тик учак жана эки радиолокациялык станция тапшырды. Салтанаттуу аземге Орусиянын Коргоо министринин орун басары Александр Фомин катышып, “Орусия техникасы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө абдан керек”, - деп билдирди.

“Бул тик учактар, Кыргызстандын куралдуу аба  күчтөрүнүн мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт. Себеби, тик учактар тоолуу жерлерге жана айрым аймактарга ылдам жетүү маселелерин чечүүгө көмөктөшөт”, –деп жазылат маалыматта.

Кийинчерээк, Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдиргенине караганда, Орусия бул техникаларды Канттагы авиабазаны пайдалангандыгы үчүн ижара акысына берди деп маалымдаган.

Эми биздин Коргоо министрликтин жетекчилери бул тик учактарды да ар кимге ижарага бере берип жок кылып албаса экен...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости