www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-ноябрь күнү Армения Республикасынын полициясынын штабынын башчысы Армен Гукасян Кыргыз Республикасынын ИИМдин басма сөз кызматынын делегациясын Бакыт Сеитовдун төралагында кабыл алды. Конокторду жылуу тосуп алып, Армен Гукасян эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын эки тараптуу кызматташууларынын, андан сырткары КМШ менен ЖККУнун алкагындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеген соң, полицияда жүргүзүлүп жаткан реформа, түзүлүп жаткан мобилдик кайгуул кызматы, ыкчам башкаруу борборун модернизациялоо, жол полициясына тиешелүү мыйзамдагы өзгөрүүлөр жана башка программалар жөнүндө кеңен маалымат берди.

Бакыт Сеитов, конокторду жылуу тосуп алышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, өз кезегинде кылмыштуулук менен күрөшүүдө эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын кызматташтыгынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин делегациясын Армения Республикасынын полициясынын маалымат жана коомчулук менен байланышуу боюнча башкармалыгынын башчысы, полициянын полковниги Ашот Агаронян тосуп алды. Кыргызстандан келген коноктор менен биргеликте жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланышты бекемдөө үчүн жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, социалдык тармактар менен иштөө, ЖМК менен иштөөдө ачык-айкындуулукту камсыздоо талкууланды. Андан сырткары Маалымат жана Комчулук менен байланышуу боюнча башкармалыктын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Ушуга эле катар, конокторду полициянын Коомдук тартипти сактоо башкармалыгынын башчысы Георгий Айвазян кабыл алды. Тараптар коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо чөйрөсүндө эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматтарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинде түзүлгөн кайгуул кызматы, туристтик милиция жөнүндө айтып беришти. Коомдук тартипти сактоо башкармалыгынын жетекчиси менен орун басары коомдук тартипти сактоо чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформаны көргөзүштү.

Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин делегациясы полициянын кайгуул-күзөт кызматынын полкуна барышып, аймагын кыдырып чыгышып, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин эстелигине барып, эскеришти. Кайгуул-күзөт кызматынын полкунун батальонунун офицерлери менен жолугуп, техникалары менен таанышышып, кызматындагы өзгөчөлүктөр жөнүндө айтып беришип, коноктордун кызыккан суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматынын кызматкерлери полициянын Шенгавиттик бөлүмүнүн коомдук полициясынын көмөкчү пунктунда болушуп, анын ишмердүүлүгү, калк менен иштөөнүн ыкмалары менен танышып чыгышты, деп ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

P.S. Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Армения Республикасынын ИИМдин өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу максатында ички иштер органдарынын басма сөз кызматкерлеринин Ераван шаарына болгон иш сапарын ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен ишке ашкандыгын баса белгилейбиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости