www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Орто-Алыш» суу топтомосундагы суу менен камсыздоону жакшыртуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Учурда суу топтомонун аймагында 12 толуктоочу көл иштеп жатат.
Быйыл «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы өз каражатынын эсебинен объекттеги эң ири болгон 12-толуктоочу көлдү куруп бүттү.
Аны жакынкы бир ай ичинде пайдаланууга берүү пландалууда.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жаңы көл жер астындагы суу запастарын жасалма жол менен толуктоо көлөмүн көбөйтүп, «Орто-Алыш» суу топтомосунун ишинин натыйжалуулугун арттырат.
Мындан тышкары, борбор калааны ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого өбөлгө түзөт.
Белгиленгендей, «Орто-Алыш» суу топтомосу Бишкек шаарынын тургундарынын 40 пайыздан ашыгын ичүүчү суу менен камсыздайт.
Учурда бардык толуктоочу көлдөр суу менен толтурулган жана суу ресурстарынын тартыштыгы катталган эмес.
Мэр Айбек Джунушалиев алдыдагы ысык аба ырайын эске алуу менен шаарды суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо негизги милдет экенин белгилеп, шаардагы сууга болгон суроо-талап жыл сайын өсүп жатканын айтты.