www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркин күрөш боюнча балбан Орозобек Токтомамбетов Бишкекте өтүп жаткан Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиялык лицензия мелдештин жарым финалына чыкты.

Токтомамбетов 74 кг салмакта күрөшүүдө. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи кармашында бахрейндик Магомед Аслуевди 7:1 эсебинде утту. Чейрек финалда индиялык Жайдип менен күч сынашты. Беттеш 2:2 эсебинде жыйынтыкталып, артыкчылык упай Токтомамбетовдо болгондуктан, жеңиш ага ыйгарылды.

Жарым финалда Токтомамбетов өзбекстандык Гуломжон Абдурохмонов менен күрөшөт. Беттештер саат 18:00до башталат.

Белгилей кетсек, жарым финалда жеңүүчү болгон спортчу Олимпиада оюндарына жолдомо алат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости