www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Гулистан шаарында 2022-жылдын 25-сентябрындагы №42 протоколду ишке ашыруу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Топтун курамына УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин командачысы Ражабали Рахмонали, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согд облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода, ошондой эле Баткен жана Согд облустарынын укук коргоо органдарынын жана чек ара аймактарынын жетекчилери кирди.

"Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча №42 протоколдун аткарылышын, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын коргоо жаатындагы биргелешкен иш-чараларды координациялоо маселелерин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Делегация өкүлдөрү соңку мезгилде жетишилген эки тараптуу диалогдун жогорку деңгээлин белгилешкен.

"Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташуу элдердин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берерине, мамлекеттердин тынчтыгын, туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуунун негизги фактору болуп саналарына ишенерин билдиришти", — деди Чек ара кызматы.

Жолугушууда чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгы белгиленген.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости