www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Агартуу министрлиги 2025-2026-окуу жылында окуучулардын республикалык олимпиадасынын өткөрүү графиктерин жарыялады.

Маалыматка ылайык, олимпиада 4 этапта өткөрүлөт:

• I этап – мектептик (январь);

• II этап – райондук (февраль), аталган этап облустардын райондорунун, Бишкек шаарынын райондорунун жана райондук маанидеги шаарлардын деңгээлинде өткөрүлөт;

• III этап – облустук (февраль), бул этап облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын деңгээлинде өткөрүлөт;

• IV этап – республикалык (март).

Олимпиаданын III жана IV этаптары Министрлик тарабынан белгиленген мөөнөттө республика боюнча бир учурда өткөрүлөт.

Олимпиада төмөнкү предметтер боюнча өткөрүлөт:

• Англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых;

• Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты;

• Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.

 

Последние новости