www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен жолугушту. 

КР ТИМден кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 23-январда Бишкекте өттү.

Анын жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму менен болгон учурдагы өз ара аракеттенүүсүнүн кеңири чөйрөсүн, ошондой эле 2026-жылга карата артыкчылыктуу багыттар козголду.

Жогорку деңгээлдеги алдыдагы сапарлар, анын ичинде ЕККУнун Башкы катчысы Феридун Синирлиоглунун Кыргызстанга күтүлүп жаткан сапары, ошондой эле ЕККУнун ДИУАБдун Директорунун жана ЕККУнун ММК эркиндиги боюнча өкүлүнүн мүмкүн болгон сапарлары тууралуу маселелерди талкуулашты.

Кыргыз тарап бул сапарларга ар тараптуу уюштуруучулук колдоо көрсөтүүгө жана өлкө жетекчилиги менен мазмундуу жолугушууларды өткөрүүгө даяр экендигин ырастады.

Мындан тышкары, ЕККУнун аймактык долбоорлорун, анын ичинде чек ара кызматташтыгы жана Борбор Азияда ишенимди бекемдөө жаатындагы демилгелерди ишке ашыруунун келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы өз ара урматтоо, ачык диалог жана кабыл алуучу өлкөнүн артыкчылыктарын эске алуу принциптерине негизделген өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө умтуларын ырасташты.

Последние новости