www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабо-Вердедеги Фого аралында ишемби күнү автобус жолдон чыгып, жардан кулап кеткен. Кырсыктан кеминде 25 адам каза болуп, дагы бир нече адам жаракат алган. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги өлкөнүн президенти Жозе Мария Невештин билдирүүсүнө таянып маалымдады.

Жергиликтүү Inforpress маалымат агенттигинин маалыматына караганда, автобус жолдон чыгып, болжол менен 30 метр бийиктиктеги жардан кулап кеткен.

Маалыматка ылайык, автобуста негизинен Куррал-Гранде жана Понта-Верде шаарларындагы орто мектептердин окуучулары болгон. Айдоочу да каза болгонун Inforpress агенттиги билдирди.

Кабо-Верде Республикасы — Батыш Африкадагы аралдык мамлекет. Ал Атлантика океанында, Африканын жээгинен 600 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

Последние новости