www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы №83 жалпы билим берүү мектебиндеги мугалимге кол көтөрүү фактысы боюнча соттук териштирүү уланууда. Бул тууралуу "Кут билим" басылмасы жазды.
Талкуу жараткан бул иш боюнча сот отуруму 13-апрелде башталган. 23-апрелдеги кезектеги жыйында психолог адис келбей калгандыктан, ишти кароо 30-апрелге жылдырылды.
Азыркы тапта жабыркаган мугалим менен айыпталып жаткан окуучунун ата-энесинин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мугалим өзү да окуучунун жаш экенин, анын алдыдагы тагдырын эске алып, кечирим берүүгө даяр экенин жашырган жок.
Эске сала кетсек, 16-февралда №83 мектептеги окуучу 69 жаштагы аскерге чейинки даярдоо мугалимин түртүп жиберген. Ал киши жаракат алып, ооруканага кайрылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси "Бейбаштык" боюнча иш козголгон.