www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишекте милиция кызматкерлери уурулукка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма  сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына  Б.М. аттуу жаран  арыз менен кайрылып, анда 2026-жылдын 28-мартында борбордогу гипермаркеттердин биринде белгисиз кыз жашыруун түрдө 24 450 сомдук шоколад-конфеттерин уурдап кеткендиги боюнча чара көрүүнү суранган.

Бул факты боюнча Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1997-жылы туулган Б.А. аныкталып, кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда анын ушул сыяктуу дагы жети кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды.

Тергөө иштери уланууда.

Последние новости