www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусундагы стационарларга оор абалдагы бейтаптар көп кайрылып жаткандыктан үймө-үй кыдырып оорулуулар аныкталат. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

"Тиешелүү буйрукка облус жетекчиси Алтынбек Намазалиев кол коюп, акимдер менен медициналык мекемелердин жетекчилерине тапшырма берген.

Коронавирус жана пневмония менен ооругандарга карата жүргүзүлгөн анализ Чүйдөгү ооруканаларга түшкөн бейтаптарды басымдуу бөлүгү оор абалда келгенин көрсөткөн. Көпчүлүгү үйүндө өз алдынча дарыланып, оору өтүшүп кеткенде гана ооруканага кайрылат. Мындай кырдаалда дарыгерлер ар бир өмүрдү сактап калыш чоң күч жумшоого туура келүүдө. Буга байланыштуу облус жетекчиси үймө-үй кыдырып, оорулууларды аныктоо жана медициналык кеп-кеңештерди берүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости