www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-июль күнү Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ботаникалык бактын аймагындагы куураган чөп күйүп, өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо бакчанын жалпы 3000 чарчы метр аянтына жайылган. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Белгилей кетсек, 1938-жылы түзүлгөн Ботаникалык бак өсүмдүктүн көп түрдүүлүгү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунду ээлейт. Эл аралык Ботаникалык бакчалар ассоциациясынын мүчөсү.

Ушул тапта бакчанын аянты 124 гектарды түзөт. Анын 36 гектар жеринде сейилдөөгө шаар тургундарына уруксат берилген. Акыркы жылдары бакчада кайра-кайра өрт чыгып, бак-дарактар куурап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости