www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдагы өкмөттүн иши үчүн отчёт берип жатып, кырдаалга байланыштуу өлкө экономикасындагы абалды оор деп баалады. Бул тууралуу ал бүгүн, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйынында билдирди.

Анын эсебинде, быйыл казынага 450 млн. доллар түшпөй калышы мүмкүн.

“Ачыгын айтышыбыз керек, абал оор. Биздин божомолубуз боюнча бажыдан 12-13 млрд. сом, салыктан 15 млрд. сом түшпөйт деп жатабыз. Муну баарына түшүндүрүп айттык”, - деди өкмөт башчы.

Абылгазиев өкмөт жарандарга айлык, пенсия төлөмдөрү боюнча көйгөй жаралбай турганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости