www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокаттагы коронавирус жуктурган үч аял эки башка учак менен келишкен. Бул тууралуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова парламенттин көпчүлүк коалициясына отчет берип жатып билдирди.

Анын берген маалыматына таянсак, коронавирус жуктурган кыргызстандыктар Сауд Аравиясынан Кувейт аркылуу Ошко келишкен. "Вирус жуктургандардын үчөө тең аялдар. Алар Ноокаттын эки айылынан болот. Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып, кайра Кувейт аркылуу түз Ошко түшкөн. Үчөө эки башка учак менен келишкен", — деди Өмүрбекова.

Белгилей кетсек, бүгүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда, Ноокаттагы коронавирус жуктуруп алган үч жаран тең эркек кишилер экенин билдирген. 

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 6 га жетти. Коронавирус боюнча алгачкы 3 учур 18-мартта жарыяланган. Алар да Сауд Арабиядан кичи ажылык сапардан келген Сузактын тургундар болсо, экинчи учур бүгүн, 20-мартта Ош облусунун Ноокат районунун жашоочуларынан аныкталды. Аларда кичи ажылык сапардан кайтып келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости