www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов оор күндөр келе жатат, магазиндерди тонойт, кылмыштуулук өсөт деп жогорку трибунадан айтканы эч кандай чындыкка жатпайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

"Биз бардыгыбыз коомдук тартиптин сакталашына жооптуу экендигибизди унутпайлы.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коомдук тартипти сактоо жана коронавирус илдетинин тарап кетпешин алдын алуу максатында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Мындан тышкары ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тиртипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүү багытында ыкчам ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде жүргүзүп келет.

Өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда блокпосттор коюлуп, өзгөчө маанилүү объекттер толугу менен коргоого алынды. Андан сырткары убактылуу кармоочу жайдагы кармалгандар боюнча, кылмышка шектүүлөр жана жашы жете электер арасындагы укук бузуучулук жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш чараларды көрүүдө.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери аэропорттордо, темир жол бекеттеринде жана өткөрүү пункттарында фильтрациялоо иш-чараларына катышып жатышат. Коомдук тартипти сактоого тартылган кызматкерлер медициналык бет каптар, кол каптар, дезинфекциялоочу жабдыктар менен камсыздандырылган. Аймактык бөлүмдөрдө каражаттар менен керектелүүчү күчтөр эсептелип, фильтрациялык блокпосттор жана участкалар, обьектилер аныкталып такталган.

Эл арасында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ыкчам кызматкерлер тарабынан жалган жана чагымчыл ушактарды, такталбаган маалыматтарды тараткан жарандарды жоопкерчиликке тартуу иштери уланууда.

ИИМ дагы бир жолу эскертет, жалган провакациялык жалган такталбаган маалыматтарды таратуудан жана сүйлөөдөн карманууга чакырат.

Коомдук тартиптин сакталышы боюнча ИИМ бардык чараларды көрөт", - деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости