www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин "дааватчы" атка конгон, ыгы келсе да, келбесе да акыл айтып өзүн пиар кыла берген Нуржигит Кадырбеков деген депутат бар. 

Парламенттин трибунасынан элдин маселесине, көйгөйүнө караганда даават айтканды жакшы көрөт. Калың журтка акыл айткан адатын, мыкты иштеп жатам деп түшүнөт. 

Качан болсун саясий эрки жок сыйгалактыгын акыл айткан кооз сөздөр менен жымсалдап, ар дайым акылдуу, билимдүү көрүнүп упай топтоого аракет кылат. Анысы оркоюп эле билинип турат. Бирок ага карабайт. Даават айтканы айткан. 

Мына Жогорку Кеңештин трибунасынан атайын "Фейсбуктагы диван баатырлар, бак эккиле, диванда жатып алып баатыр боло бербей", - дегенди айтып акылдуусунду. Башка көтөрө турган, айта турган маселе жок, Фейсбук эле көйгөй жаратып жатыптыр бул дааватчыга. 

Кызыгы, диванда жаткандарды багып жаны кыйналып жаткандай өктөө кылып сүйлөптүр. Бул ошол диванда жаткандар Фейсбукта бийликтин кемчилигин коркпой, кылчактабай так айтып жарандык активдүү коомдун үлгүсү болуп жатканына акылдуусунган Кадырбековдун түшүнүгү жетпептир. Балким, жетсе деле, эт эмес же чел эмес былжыраган тайгалак, сыйгалак өзүнө окшогондорго жакпай жаткан көрүнөт. 

Мындан улам, "акылдуунун маскасын" кийип алып, элге акыл үйрөтүп даават айтканды токтотуп, реалдуу иш кыл деп кеңеш айтат элек. Дегенибиз, ошол сиз сын тагып жаткан Фейсбуктагы диван баатырлардын сиздикиндей Жогорку Кеңеште трибунасы жок. Андыктан эл берген мүмкүнчүлүктү  туура колдонуп, кызматыңызды былжыраган кооз сөз менен эмес, реалдуу иш менен көргөзүңүз. Эл сиздин дааватыңызга муктаж эмес. Сиздин дааватыңыз элдин курсагын тойгузбайт. 

Ансыз да көрүнгөн эшикти каккылап дубана болуп кетишкен дааватчылардан эл жадап бүтүштү. Эми ошолор аз келип жаткансып, сиз дагы Жогорку Кеңештин трибунасын даават айткан трибунага айландырып алдыңыз. Болду эми токтот. Иштеңиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости