www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Новосибирск шаарында Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалыматтын таралышына байланыштуу Министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан окуянын жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү чаралар ыкчам түрдө көрүлгөн.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск облустук клиникалык ооруканасынын патологоанатомия бөлүмүнө ыкчам түрдө барып, маркумдун жакындары менен биргеликте өздүгүн аныктоо иш-чарасын жүргүзүштү. Натыйжада каза болгон адам 1997-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, Н.А.Н. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны экендиги аныкталды.

Учурда Башкы консулдук маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн тиешелүү документтерди тариздөөдө анын жакындарына зарыл көмөк көрсөтүүдө.

Министрлик жана Башкы консулдук бул маселени көзөмөлдө кармоону улантып, Россия Федерациясынын компетенттүү органдары, ошондой эле маркумдун жакындары менен байланышта болууда.

Последние новости