www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, жүздөгөн турак жайлар жана социалдык объектилер жабыркады.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, сел бүгүн, 14-июлга караган түнү саат 02:00 чамасында катталган. Окуя болгон жерге облус башчысынын орун басары Исламбек Увайдуллаев барып, ыкчам штабдын жыйынына катышып, селдин кесепеттерин жоюу жана тургундардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, сел суулары 466 турак үйдүн короосуна кирген. Анын ичинен 76 үйдү, 3 үйдүн жер төлөсүн, 1 бала бакчаны, 1 мечитти жана бир катар соода-сатык жана башка ишкердик объектилерин суу каптаган.

Учурда аймакта селдин кесепеттерин жоюу жана келтирилген чыгымды тактоо иштери уланууда.

Последние новости