www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндө жайгашкан “Камалдин-Ата” дыйкан чарбасы жумуртка багытындагы тоок өстүрүү менен алектенип жатат.

Учурда чарбада 10 миң баш жумуртка берүүчү тоок багылып, күнүнө орточо 9–9,5 миң даана жумуртка өндүрүлүүдө.

Өндүрүлгөн продукциялар жергиликтүү базарларга сатылып, калкты ата мекендик сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоого өбөлгө түзүүдө.

Долбоорду ишке ашыруу максатында мамлекет тарабынан 1 гектар жайыт жердин багыты өзгөртүлүп, ишкерге пайдаланууга берилген.

Азыркы тапта чарбада 10 адам туруктуу жумуш менен камсыз болгон.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аймактардагы өндүрүштүк жана кайра иштетүү багытындагы долбоорлорго мамлекеттик колдоо улантылып, айыл чарбасын өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштер системалуу жүргүзүлүүдө.

Министрлик мындан ары да ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо жана фермерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытындагы чараларды улантарын белгиледи.

Последние новости