www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк тарыхта согуштар көбүнчө фронтто гана эмес, союздаштардын жүрүм-туруму аркылуу да өлчөнөт. Россия менен Украина ортосундагы узакка созулган жаңжал бүгүнкү күндө дал ушундай көп катмарлуу геосаясий сыноого айланды. Бул жерде ок атуудан тышкары, дипломатия, экономика жана ишеним системасы да катуу текшерүүдөн өтүүдө.
Москва бул согушту, өзүнүн коопсуздугу, стратегиялык мейкиндиги жана НАТОнун чыгышка карай кеңейүүсүнө каршы туруусу менен түшүндүрөт. Батыш менен Америка болсо бул аракетти эгемендүү мамлекетке каршы агрессия катары баалап, Украинага кеңири масштабдагы аскердик жана финансылык колдоо көрсөтүп келет. Натыйжада дүйнө эки ири позициянын ортосунда бөлүндү болду.
Бирок эң кызыктуусу фронтто эмес, Кремлдин союздаштык картасында болуп жатат. Россияга тарыхый, экономикалык же коопсуздук багытында жакын деп саналган бир катар мамлекеттер бул жаңжалда ачык колдоо көрсөтүүдөн баш тартып, “бейтараптык” позициясын тандашты. Бул позиция дипломатиялык тилде нейтралитет катары сыпатталса да, геосаясий реалдуулукта ал көп учурда жоопкерчиликтен оолак болуу катары да кабыл алынат.
Мындай шартта Москва үчүн эң оор маселе тышкы басым эмес, ички ишеним маселеси болуп жатат. Президент Владимир Путиндин мурдагы билдирүүлөрүндө “саткындык” жана “ишенимден тайуу” мамлекет үчүн эң кечирилгис көрүнүштөрдүн бири катары айтылып келген. Бул сөздөр жөн гана риторика эмес, саясий сигнал катары да кабылданат. Демек, бүгүнкү бейтараптык эртең стратегиялык өнөктөштөрдүн мамилесин кайра баалоого түртөт.
Ошол эле учурда Россия согуштук жана экономикалык басымдын шартында олуттуу ички чакырыктарга туш болууда. Айрыкча Украинанын алыскы учуучу дрондору тарабынан энергетикалык инфраструктураларына жасалган соккулар күйүүчү май өндүрүшүнө түздөн-түз таасир этүүдө. Өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшү жана логистикалык чынжырлардын бузулушу Москваны мурда дээрлик каралбаган кадамга, күйүүчү майды импорттоо мүмкүнчүлүгүн талкуулоого мажбур кылды. Дүйнөнүн ири мунай өндүрүүчүсүнүн өз керектөөсүн толуктоо үчүн башка рынокторго кайрылуусу аргасыздык кадам.
Ошентсе да, Кремль толук артка чегинүү же стратегиялык алсыздануу логикасына барган жок. Тескерисинче, ички өндүрүштү кайра уюштуруу, альтернативдүү логистикалык багыттарды түзүү жана санкциялык шарттарга ылайыкташуу процесси уланууда. Бул жагдай экономикалык басымга жооп катары системаны адаптациялоо аракетинин көрүнүшү десек жарашат.
Дегенибиз, согуш аяктагандан кийин эң катуу талкуу фронтто эмес, дипломатиялык алкакта жүрөт. Ким кайсы учурда кандай позиция кармады? Ким колдоо көрсөттү, ким алыстап кетти? Ким бейтараптыкты тандады, ким экономикалык кызыкчылыкты биринчи орунга койду? Баары кайрадан талданып, таразага коюлат. Андыктан, дал бүгүнкү күндөгү бейтарап позициялар эртең дипломатиялык эсептерде эң маанилүү факторлордун бири болуп калышы мүмкүн. Анткени, дүйнөлүк саясатта туруктуу достор жок болушу мүмкүн, бирок унутулбай турган чечимдер бар.
Алмазбек Темирбек