www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынын жанында жайгашкан белгилүү коомдук тамактануучу жайлардын эски имараттарын бузуу иштери башталды. Учурда курулуштар толугу менен сүрдүрүлүп жатат.

Ошол эле учурда кафелер өз ишин токтоткон жок. Алар мурдагы жайгашкан жеринен болжол менен 100 метр алысыраак жерге көчүп, кардарларды кабыл алууну улантууда.

Буга чейин аталган объектилерге Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы тарабынан пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык талаптардын олуттуу бузулганы аныкталган.

Адистер жалпысынан 80 сүртүндү жана даяр тамак-аштан 16 үлгү алып, лабораториялык анализ жүргүзүшкөн.

Жыйынтыгында 12 административдик протокол түзүлүп, жалпысынан 142 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Ошол эле учурда расмий органдар имараттарды буздуруу иштери санитардык текшерүүнүн жыйынтыгы менен түздөн-түз байланыштуу экенин билдире элек.

Последние новости