www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израиль премьери Биньямин Нетаньяху Палестина мамлекетин түзүү мүмкүнчүлүгүн четке какканын РИА Новости кабарлады.
Ал Израиль БУУ Башкы Ассамблеясынын сессиясынан кийин Палестинаны бир тараптуу тааныган бир катар өлкөлөргө жооп берерин белгилеген.
"Палестина мамлекети болбойт. Өлкөбүздүн как жүрөгүндө террордук мамлекетти таңуулоо аракетине АКШдан кайтып келгенден кийин жооп кайтарам. Кандуу 7-октябрдан кийин Палестинаны тааныган лидерлерге "террорчуларды катуу сыйлап жатасыңар" демекчимин", — деди Нетаньяху.
Кечээ Улуу Британия, Канада жана Австралия Палестинаны тааныгандарын жар салышкан.
Палестинаны мамлекет катары 147 өлкө тааныган, анын ичинде Россия да бар. 2024-жылы АКШ Палестинанын БУУдагы толук кандуу мүчөлүгүнө вето койгону маалым. Андан бери эле өлкөнү Ирландия, Испания жана Армения башында турган бир нече мамлекет тааныган.
Россиянын позициясы боюнча, абалды 1967-жылы аныкталган чек арасы менен Палестина мамлекетин түзүп жөнгө салууга болот. Борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашышы керек.
Палестина — жарым-жартылай таанылган мамлекет. Израилдин аймагы менен бөлүнгөн Иордан дарыясынын батыш жээги жана Газа сектору сыяктуу эки эксклавдан турат.
Биринчи эксклавды Махмуд Аббас башында турган Палестинанын улуттук администрациясы башкарса, экинчиси борбордук бийликке баш ийбеген ХАМАС кыймылынын тарапташтарынын көзөмөлүндө.