www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев Бакудагы эл аралык форумга катышты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 21-сентябрда Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөн коопсуздук боюнча үчүнчү эл аралык форумга катышты.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилери заманбап чакырыктардын жана коркунучтардын шартында эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыз кылууга байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча тажрыйбасы тууралуу баяндама жасады, ошондой эле трансулуттук коркунучтарга каршы күрөшүүдө дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Форумдун алкагында УКМК төрагасынын башка өлкөлөрдүн коопсуздук органдарынын башчылары менен жолугушуулары болду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ыкчам өз ара аракеттенүү, маалымат алмашуу жана аймактык туруктуулукту чыңдоо, эл аралык кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу жана заманбап коркунучтарга каршы туруу боюнча ыкмаларды иштеп маселелери талкууланды.

 

Последние новости