www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров АКШга барат

Президент Садыр Жапаров 22-25-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-юбилейлик сессиясына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

“Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт.

Мамлекет башчысы ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин "Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык" темасындагы ачык дебаттарына жана Климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги атайын иш-чарага катышат.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында президенттин БУУнун башкы катчысы А.Гутерриш, Америка, Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн мамлекеттеринин жана делегацияларынын башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган”, - деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

Последние новости