www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы баланын жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 29-июнда ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 14-июнь күнү Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында Нарын дарыясына 2003-жылы туулган бала түшүп кеткен. Баланын туугандары ыраазычылык кат жазышып, издөө иш-чаралары 17-июнда токтотулганы министрлик тарабынан маалымдалган.

"28-июнь күнү Өзбекстандын аймагынан жергиликтүү тургундар тарабынан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылып, маркум жогорудагы сууга аккан адам экендиги аныкталган. Саат 15:00дө маркумдун жансыз денеси Өзбекстандын чек-ара кызматы тарабынан туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости