www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунда өткөрүлгөн «Арсенал» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган 5 даана ок атуучу курал жана 88 даана ок-дары аныкталды.
Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө жарандар тарабынан 9 даана ок атуучу курал өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырылган.
Мындан тышкары, ок атуучу куралдарды сактоо эрежелерин бузган 13 жаран аныкталып, алардын куралдары алынып, мыйзам талаптарына ылайык административдик протоколдор түзүлгөн.
Нарын ОИИБ жарандарды ок атуучу куралдарды мыйзам талаптарына ылайык сактоого жана мыйзамсыз сакталган куралдар менен ок-дарыларды өз ыктыяры менен тапшырууга чакырды.
Мекеменин маалыматына ылайык, бул коомдук коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.