www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаардык прокуратурасы текшерүүнүн жүрүшүндө муниципалдык менчиктин жеке колго мыйзамсыз өткөрүлүп берилген фактыларын аныктап, жалпы аянты 5 943 чарчы метрди түзгөн жер тилкелерин кайтарып алууну камсыздады.

Тергөө 1999-жылдан 2002-жылга чейинки аралыкта Нарын шаарынын жана Нарын районунун кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарын одоно бузуу фактыларына жол берилгенин аныктады. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында үч ири объект жеке менчикке өткөрүлүп берилген. Алардын арасында М. Рыскулов атындагы музыкалык-драмалык театрга таандык 1 500 чарчы метр жер тилкеси, С. Орозбак көчөсүндөгү (ун базары) аянты 3 948 чарчы метр аймак, ошондой эле Ат-Башы көчөсүндөгү 495 чарчы метр жер бар.

Прокурордук чара көрүүнүн жыйынтыгы менен жалпы баасы 185 млн 920 миң сомго бааланган аталган активдер расмий түрдө мамлекеттин менчигине кайтарылды. Аймакта мамлекеттик жер ресурстарын мыйзамсыз чыгарып кетүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.

Последние новости