www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Еврокомиссия Грузиянын дипломатиялык, кызматтык жана расмий паспорт ээлери үчүн Евробиримдикке визасыз кирүү режимин убактылуу токтотмой болду. Бул тууралуу Еврокомиссиянын өкүлү Маркус Ламмерт билдирди.
Анын айтымында, визасыз режим адамдар ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана адам укуктары менен демократиялык баалуулуктарды колдоого багытталган. Бирок Еврокомиссия грузин бийлигинин акыркы аракеттери Евробиримдиктин нормаларына жана баалуулуктарына каршы келет деп эсептейт.
Учурда бул чечим Европа парламентинин кароосуна жөнөтүлдү. Эгер алар колдосо, визасыз режим Евробиримдикке мүчө бардык өлкөлөрдө Грузиянын дипломатиялык паспорт ээлери үчүн токтотулат.
2025-жылдын декабрь айынын аягында Евробиримдик коопсуздукка коркунуч жараткан же адам укуктарын бузган өлкөлөр үчүн визасыз режимди токтотуунун жаңыланган механизмин ишке киргизген. Бул механизм визасыз режимге ээ 61 өлкөгө, анын ичинде Грузияга да тиешелүү.