www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын борбордук аппаратынын өкүлдөрү Нарын облусундагы эт базарларында жана мал союучу жайларда ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышына мониторинг жүргүзүштү.
Кызматтын маалыматына ылайык, учурда Нарын облусунда 8 эт базары жана 3 мал союучу жай иштеп жатат.
Мониторингдин жүрүшүндө объектилердин ветеринардык-санитардык абалы, тазалыгы, ветеринардык коштоочу документтердин туура жүргүзүлүшү жана мыйзам талаптарынын аткарылышы текшерилди.
Ошондой эле жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ветеринардык талаптарды сактоо боюнча сунуштар жана практикалык кеңештер берилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу жана объектилерди белгиленген талаптарга толук шайкеш келтирүү үчүн жооптуу тараптарга келерки аптага чейин аткарылууга тийиш болгон тапшырмалар берилди.