www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-сентябрда Нарын облусунда сегиз социалдык объект пайдаланууга берилет. Ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун аралыктан катышуусунда өтөт.
Алардын арасында алты мектеп, бир бала бакча жана бир административдик имарат бар.
Атап айтканда:
Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы 150 орундуу мектеп;
Жумгал районунун Лама айылындагы 100 орундуу мектеп;
Кочкор айылындагы И. Арабаев атындагы 500 орундуу мектеп;
Кочкор районунун Ак-Талаа айылындагы А. Абдыкеримов атындагы 150 орундуу мектеп;
Кочкор айылындагы Юстиция министрлигинин административдик имараты;
Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы И. Иманалиев атындагы 225 орундуу мектеп;
Нарын районунун Миң-Булак айылындагы А. Тыныбеков атындагы 375 орундуу мектеп;
Нарын районунун Ак-Кудук айылындагы 50 орундуу бала бакча.
Ал эми 12-сентябрда Нарын облусунда төрт өндүрүштүк ишкананын ачылышы болот.
Алардын катарында Миң-Булак айыл аймагындагы «Фрунзе курулуш материалдары» ЖЧКсынын асфальт-бетон заводу, Солтон-Сары кен участогундагы «Авелум Партнер» өндүрүштүк заводу, Э. Дайракунов айыл өкмөтүндөгү «Ченюань» асфальт-бетон заводу жана Кочкор районундагы «Ак-Таш» курулуш материалдарын өндүрүүчү заводу бар.