www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын мамлекеттик коругунун бугу-марал питомнигинин аймагына кошумча 32 гектар жер тосулуп, корголгон аймактын жалпы аянты 82 гектарга жетти.

Учурда Нарын мамлекеттик коругунун жалпы аймагы 112 миң 363,5 гектарды түзөт.

Коруктун аймагында сүт эмүүчүлөрдүн 26, канаттуулардын 104, балыктардын 3, жерде-сууда жашоочулардын 1 жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү катталган.

Бул жерде Кызыл китепке кирген илбирс, сүлөөсүн, мадыл, Тянь-Шань күрөң аюусу, суусар, бугу-марал, аркар-кулжа сыяктуу сейрек кездешүүчү жаныбарлар жана бүркүт, ителги, кумай, көк жору, шумкар сыяктуу канаттуулар жашайт.

Ошондой эле коруктун аймагында 500дөн ашык өсүмдүк түрү өсөт. Алардын арасында алтын тамыр, көкөмерен, уу коргошун жана башка баалуу дары өсүмдүктөрү бар.

Питомникте өстүрүлгөн бугу-маралдар 2018-жылы алгач ирет Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим токой чарбасына 9 баш өлчөмүндө өткөрүлүп берилген.

Последние новости