www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкерлери СИЗО-1деги Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменовго барышты. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.

Орозайым Нарматова Бишкек ШИИББинин ага карата адамкерчиликсиз мамилеси тууралуу арыз жазып, аларга тапшырган. Анда Нарматова Москвадан Бишкекке келгенден кийин дароо кармалып, жактоочусуз суракка алынганын билдирген.

"Төрт-беш сааттык сурак учурунда мага тамактанууга, дааратканага барууга жана жактоочуга чалууга мүмкүнчүлүк беришкен жок", - деп билдирди Нарматова.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү жогоруда көрсөтүлгөн аракеттердин бардыгы адамдын кадыр-баркын түшүрүп, катаал мамилеге барабар экендигине көңүл бурушту. Нарматованын арызы бардык жагдайларды тактап, күнөөлүүлөргө чара көрүү үчүн прокуратурага жөнөтүлөт.

Ильгиз Шаменов кыйноолор же катаал мамиле тууралуу билдирген эмес.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости