www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нааразылык акциялар өтүп жаткан Беларустун борбор калаасында адам өлүмү катталды. Бул тууралуу ИИМдин расмий өкүлү Ольга Чемодановага таянуу менен орус басылмалары жазып чыкты.

Анын айтымында, аянтты тазалоого келген жоокерлерди көздөй жардыруучу түзүлүштү ыргытууга аракет кылган адам  көз жумган.

"10-август күнү саат 23.00дөрдө Минск шаарынын Притыций проспектисинде топтолгон эл кыймылды бууш үчүн тосмолорду кое баштаган. Аянтты тазалоо үчүн келген атайын бөлүктүн жоокерлери менен кагылышуу учурунда бир киши аларды көздөй жардыруучу түзүлүштү ыргытууга аракет кылган. Бирок ал колдо жарылып, эркек киши алган жаракатынан улам көз жумду", — деди ИИМ өкүлү.

Эске сала кетсек, нааразылык акциялары 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган. Учурда элдин толкундоолору өлкөнүн дээрлик бардык аймагына жайылды. Милиция митингчилерди таратуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ менен кулак тундуруучу гранаталарды колдонуп жатканы маалымдалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости