www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолундагы көчкүнүн кесепеттери жоюлуп, жолдубийиктетип куруу башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-8-апрелдеги жаан-чачындан улам Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 47-чакырымында (Жаман-Тал тилкеси) тоо тектери кулап, көчкү түшкөн.
№5 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү.
Учурда жолдун нугун сел сууларынан коргоо үчүн жол төшөмүн 1,5 метрге чейин жогору көтөрүү (бийиктетип толтуруу), реконструкциялоо иштери аткарылууда.
Белгилей кетсек, бул аймак сел жүрүү кооптуулугу жогору болгон тилкелердин катарына кирет. Суу көп келген учурларда жолду сел каптап, каттамга олуттуу тоскоолдуктарды жаратып келген.