www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жетим балдардын жер тилкесине болгон укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, 3 тоголок жетим баланын мыйзамда каралган укуктары толук камсыздалбай, жер тилкелери берилбей келгендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кеңсай, Тельман жана Ак-Жар айылдарынан ар бир балага турак жай куруу үчүн 0,06 гектардан жер тилкелери бөлүнүп берилди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 13-бер. жана Турак жай кодексинин 43-бер. талаптарына ылайык, баланын турак-жайга укуктарынын кепилдиктери турак жай мыйзамында каралган тартипте камсыз кылынат, жашоо үчүн турак-жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда, мыйзамда белгиленген тартипте, пайдалануу укугунда турак жай аянтын кезексиз алуу кепилдиктери каралган.

Последние новости