www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кувейттин "Аль-Жарида" гезитинин маалыматы боюнча, Ирандын жаңы шайланган Жогорку лидери Можтаба Хаменеи орусиялык аскердик учак менен Москвага жашыруун алынып келинип, учурда Орусияда дарыланып жатат.
Басылманын маалыматы боюнча, эвакуация Можтаба Хаменеи жаракат алгандан кийин жашыруун операциянын алкагында жүргүзүлгөн. Ал Ирандан чыгып кеткенден кийин Орусияга учак менен жеткирилген жана учурда ал жерде дарыланып жатканы айтылды. Бирок, бул маалыматты Тегеран же Москва азырынча расмий түрдө тастыктай элек.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык телеканалга берген маегинде эгер Можтаба Хаменеи тирүү болсо, ал багынып бериши керек деп билдирген.
Андан сырткары , Трамп Ирандын жаңы жогорку лидери Тегеранга жасалган соккулар учурунда оор жаракат алышы мүмкүн экенин айткан.
Можтаба Хаменеи 8-мартта атасы Али Хаменеинин өлтүрүлүшүнөн кийин Эксперттер Ассамблеясы тарабынан Ирандын Жогорку лидери деп жарыяланган. Ал дайындалгандан бери коомчулукка чыга элек.