www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй проспектисиндеги

Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги имарат жакынкы араларда кайрадан бузулат. Бул тууралуу “Ташболот Холдинг" компаниясынын жетекчиси Назгүл Түлеева Old Bishkek долбоорунун социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, масштабдуу долбоорлор инженердик тактыкты гана эмес, коомчулуктун макулдугун талап кылат. Эки көчөнүн кесилишиндеги имараттын Old Bishkek долбооруна тиешеси жок.

“Имараттын 3 башка ээси бар. Буга карабастан биздин компания объектинин ээлери жана шаар бийлиги менен бирге сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, менчик ээлери менен биргеликте имаратты бузуу чечими кабыл алынды",-деген ал.

Ошондой эле Тюлеева белгилегендей, имаратты жакын арада Old Bishkek долбоорунун адистери бузуп баштайт. Ал эми анын орду көрктөндүрүлөт.

Последние новости