www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка-Израилдин Иранга согуш ачканы дүйнөлүк энергетикага олуттуу таасир этти. Аналитиктер эгер конфликт узакка созулса жана Ормуз кысыгы аркылуу жеткирүүлөр узак мөөнөткө үзүлсө, мунайдын дүйнөлүк баасы 150 долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн деп эскертишүүдө. Мындай абал дүйнөлүк экономикада жаңы инфляция толкунун жаратышы ыктымал.
Азыркы учурда Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк нефть жана суюлтулган газдын 20%и өтөт. Эгер бул жол узакка бөгөлсө, рынокто олуттуу тартыштык жаралат. Ошондой эле Перс булуңунун айрым өлкөлөрү өндүрүштү кыскартса же логистикалык чынжырда көйгөйлөр болсо, баанын өсүшү тездейт.
Мындан улам, нефть импортуна көз каранды Евробиримдиктин өлкөлөрү, ошондой эле Түркия, Индия, Жапония, Түштүк Корея эң катуу жабыркайт. Электр энергиясына болгон муктаждык бааны кымбаттатып, инфляция жүрөт. Өндүрүш солгундап, экономикалык өсүштү жайлатат.
Бул кырдаалдан Кытай да четте калбайт. Анткени дүйнөдөгү эң ири энергия импорттоочу катары чоң зыянга учурашы мүмкүн. Энергетикалык чыгымдын өсүшү өндүрүштүн жана логистиканын баасын жогорулатат. Натыйжада Кытайдын экономикасы алсызданып, өсүү темпи төмөндөйт.
Кыргызстан дагы нефть продукциясына толук көз каранды болгондуктан, баа көтөрүлөт. Бул жагдай экономиканын өсүү деңгээлине, калктын социалдык турмушуна олуттуу тасир тийгизет.
Мындай кризистен пайда таап, кирише алгандар да бар. Алсак, нефтиге болгон жогорку баа, энергия ресурстарын экспортоочу өлкөлөр болгон Норвегия, Россия, Азербайжанга пайда келтирет. Ал эми Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт өлкөлүр Ормуз кысыгынын жабылышынан жа Ирандын нефтини иштетүүчү өнөр жайларына жасаган сокусунан жабыр тартып жаткандыктан анчейин пайда көрбөйт.
Ал эми АКШнын абалы болсо көңүл жубатарлык деңгэлде кармалат. Себеби, бир жагынан, ири нефть өндүрүүчү катары энергетикалык компаниялары жогорку баадан пайда көрөт. Экинчи жагынан, ички рынокто күйүүчү май кымбаттап, инфляция жогорулап, экономикалык жана саясий басым жаралат.
Алмаз Темирбек